icon

Көп берилүүчү суроолор

  • Паролду унутуп калдым, бизнес тутумдан паролду калыбына келтире албай жатам
    Байланыш номердин актуалдуулугун текшерип көрүү керек, андан кийин кирген документтер жана почтадагы спам папкасын текшерүү зарыл. Эгер белгиленген эки жакта теӊ код болбосо, анда техникалык колдоо кызматына кайрылыӊыз.
  • Аккаунтту каттоодон кайра өткөргөнгө же е-mailды алмаштырганга мүмкүнбү?
    Аккаунтту каттоодон кайра өткөрүү - катышуучунун жеке кабинетиндеги маалыматтарды алмаштыруу аркылуу, аны бир адамдан экинчи бир адамга өткөрүп берүү дегенди туюнтат. Биздин компанияда кайрадан катталуу 30$ турат, аны чечүү үчүн катышуучунун эсебинде ушул сумма болушу керек. 5000$(баллдан) жогору балансы бар аккаунттар кайра каттоого же сатууга жатпайт.
  • Каражаттарды чыгаруу боюнча өтүнмөлөр канча убакыттын ичинде иштелип чыгат?
    Каражаттарды чыгарууга өтүнмөлөрдү иштетүү 48 сааттын ичинде иштетилет.
  • Компаниянын өндүрүмү жөнүндө маалыматты кантип билүүгө болот?
    Маалымат үчүн Сиз компаниянын өзүӊүздүн аймагыӊыздагы өкүлүнө кайрыла же биздин өндүрүмдөр жөнүндө малыматты өз алдынча, ошондой эле компаниянын расмий http://www.marinehealth.asia/ сайтынан окуй аласыз, биздин YouTube каналдан Сиз компаниябыздын медициналык өкүлдөрүбүздүн видео жазууларын көрсөӊүз болот https://www.youtube.com/channel/UColOjoudFoG7gxZgzzFXtcw
  • Бизнес Академияга кире албай жатам, логин же пароль туура эмес деп жазылып жатат
    Бизнес Академияга academy.marinehealth.asia/ кирүү үчүн Сиз Бизнес тутум үчүн колдонгон ошол эле паролду жана логинди колдонуӊуз. Эгер Сизден логинди жана паролду баары бир кабыл албаса, бизнес тутумда паролду өзгөртүп, Академияга жаӊы пароль менен кирүүгө аракеттенип көрүү керек.
  • Аккаунттун маалыматтарын, тактап айтканда, атымды, фамилиямды жана е-mail ды өзгөртүүгө болобу?
    Эгер Сиз профилиӊизден грамматикалык ката тапсаӊыз, анда техникалык колдоо кызматы аларды оӊдоп коё алат, бирок каттоо маалыматтарын толугу менен алмаштырган учурда, бул операция аккаунтту кайра каттоо аркылуу жүзөгө ашырылып, бул кызмат көрсөтүү 30$ турат.
  • Рефералдык шилтеме көрүнбөйт.
    Рефералдык шилтемени түзүү үчүн үйрөтүүчү видеону көрүүӊүздү өтүнөбүз https://youtu.be/vmyXIfA07Fs?list=PLkb1VujT2ydyQTMphHW1oxeLK6H0OD8ah
  • Депозиттен баланска ички которууну кантип жүргүзсө болот?
    Депозиттен каражаттар сатып алуулар үчүн гана колдонулат, депозиттен негизги баланска же башка катышуучуларга которуулар каралган эмес.
  • Өндүрүмгө прайсты кайдан табууга болот?
    Өндүрүмдүн баалары тууралуу Бизнес тутумдун «Өндүрүмдөр» бөлүмүнөн билүүгө болот.
  • Жеке кабинетке сүрөттү кантип койсо болот?
    «Менин профилим» бөлүгүндө «сүрөттү алмаштыруу» функциясы бар, ал жакта Сиз негизги сүрөттү өзгөртүп, кошумча сүрөттөрдү кошсоӊуз болот. Ошондой эле, окутуучу видеону көрүүӊүздү өтүнөбүз youtu.be/GR2E3PAVQmo.
  • Модулдардан өтүүгө мүмкүн болбой жатат. Алгачкы эки видео сабактан кийин модулдар ачылбай жатат, эмне кылуу керек?
    Кийинки тапшырмаларды ачуу үчүн бардык видео сабактарды аягына чейин көрүү зарыл.
  • UBG сайтына кантип кирет?
    UnitedBusinessGroup компаниясынын сайты exclusivegroup.biz/ шилтемеси боюнча жайгашкан.
  • ******@gmail.com логинине 150 доллар жаӊылыштык менен которулган, 122 долларды кайра кайтарып алуу керек, бул мүмкүнбү?
    Компаниянын техникалык колдоосуна жазуу керек. Акча каражаттарын жөнөтүүчү эмес, алуучу кайрылышы керек.
  • Рефералдык шилтеме туура келбей жатат, эмне кылсам болот?
    Логинди текшерүү керек, себеби логиндин курамында чекит жана башка символдор болбошу зарыл.
  • Рефералдык шилтемедеги телефон номерди өзгөртүү керек. WhatsApp башка номерде, номерди кантип кошууга болот?
    Катталган номерден техникалык колдоо кызматына себепти көрсөтүү менен жазуу керек.
  • Окуудан өтүп жатканда 2-пунктудан кийин өчүп калды. Окууну андан ары улоо үчүн бул эки пунктуну кайрадан угуу керекпи?
    Жок, сол жактагы колонкада «Окулгандар» вкладкасы бар, Сиз көрүп койгон видео – жашыл түс менен белгиленет.
  • Кайсы себептер боюнча өндүрүмдү тариздөөдө тутум сервистик топтом 30$ деп жазып жатат?
    «Хэд офисти» тандоо керек, жана тизмеден Сиздин шаардагы кеӊсенин дарегин тандаӊыз. Компаниянын кеӊсеси ал жакта болбогон аралыктагы шаарлар жана өлкөлөр үчүн гана жеткирүү 30$.
  • Өз рефералыбызды оӊ тараптан сол тарапка кантип которууга болот?
    Эгер Сиз бинардык даракта адамды бекитип койсоӊуз, анда аны которууга мүмкүн эмес. Себеби бонустар жогору жакта турган лидерлерге которулуп эсептелип калган.
  • Бизнес Академиясынан өткөндөн кийин, диплом алууга болобу?
    Эгер окууну аягына чейин чыгарсаӊыз, анда диплом башкы беттеги «Бизнес Академиясында» чыгат.
  • БАКтар эмне себептен Россиянын базарына салыштырмалуу дээрлик үч эсе кымбат? Алар бир эле өндүрүүчүнүн бирдей эле өндүрүмдөрү да.
    Россиянын аймагында контрафактылык өндүрүмдөр абдан көп. Биздин компания иштеп турган аймактарда эксклюзивдик укукка ээ. Ошондой эле биздин компания товарларды ташуудагы жана сатуудагы бардык салыктарды төлөп келет, сиз жазган башка ак ниет эмес ишкерлер салыктарды төлөшпөйт. Узак мөөнөттүү бизнести мыйзамдын алкагында гана жасоого болот деп эсептейбиз. Бизден алган товар түп нускадагы оригинал жана өлкөгө мыйзамдын чегинде ташылып келгенине, тиешелүү сертификаты болгондугуна Сиз ар дайым ишенимде болосуз.
  • Каражатты чыгарып алганга чектөө барбы?
    Биздин тутумда чыгарууга минималдык сумма бар, ал 100$ дан кем эмес каражатты түзөт. Ошондой эле, которууну жөнөтүүгө чектөөлөр бар, ал 20$ ды түзөт.
  • Дипломду жаӊы дизайнга алмаштырууга мүмкүнбү? Кантип жүзөгө ашырса болот?
    Тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүк каралган эмес.
  • Катталган маалыматтарды өзгөртүү керек, ал үчүн эмне кылайын?
    Катталган маалыматтарды өзгөртүү үчүн, аккаунттун ээсинин атынан арыз керек. Техникалык колдоо кызматына жазып, бардык суралган документтерди берүү зарыл.
  • Кантип кирип, видео сабактарды көрүүгө болот?
    “Marine Health Group” Бизнес компаниясынын Академиясы МЛМ-ишкердигине онлайн окутуунун жаӊычыл платформасы Бизнес тутуму үчүн Сиз колдонгон логин жана пароль боюнча кирүү Порталга шилтеме: http://academy.marinehealth.asia/
  • Тапшырыкты тариздөөдө төлөөнүн кайсы картасын тандоо жакшы?
    Эӊ башкысы, карта Visaны же Mastercardды, ошондой эле интернеттен төлөөнү кармашы керек, ошондуктан бул суроо менен Сизди тейлеген же анда карта ачууну пландап жаткан банкка кайрылууну сунуштайбыз.
  • Профилди редакциялоого мүмкүн болбой жатат, эмне кылсам?
    Компаниянын профили Сиздин каттоо маалыматтарыӊызга ылайык толтурулган, жана аны оӊдоого жатпайт. Эгер Сизде АААда же е-mailда ката болсо, компаниянын техникалык колдоо кызматына жазуу керек.
  • Эмне үчүн рефералдык шилтемеде Компания төрт жылдан бери иштеп жатат деп жазылган?
    UnitedBusinessGroup Холдинг 2015-жылдан баштап иштейт, бул холдингге Marine Health Group компаниясы кирет.
  • Кирешенин кайсы этабынан баштап киреше салыгы кармалат? Кирешени алууда ЖИнин кайсы түрүн ачабыз? ЖИнин кодировкасын тааный аласызбы?
    Салык жүгүн ар бир өнөктөш өз алдынча тартат, бул келишимде көрсөтүлгөн. Резиденттиктин өлкөсүнө жараша, эрежелер ар башка, алсак, Казакстанда биз кирешенин 1000$ жогорусунда ЖИ ачууну жана өз кирешелерин декларациялоону сунуштайбыз. Ишмердик коду катары «Адистештирилбеген дүкөндөрдө чекене соода» деп көрсөтүү керек.
  • «Апгрейд» үчүн комиссия эмне себептен жогору 37.500тенге 320рубль?
    Комиссияны биздин компания эмес, транзакция ал аркылуу өткөн банк белгилейт.
Copyright 2019 - 2021 Marine Health Group